Кечээ, 25-март күнү Ош облусунун Ак-Буура дарыясына 26 жаштагы келин кулап каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кара-Суу районунда саат 18:57 чамасында Төлөйкөн айылынын Даңги тилкесинде Ак-Буура дарыясына 1995-жылы туулган келин киши жардан кулап түшүп каза болгон.
Жерине ӨКМнын куткаруучулары тартылып, каза болгон жарандын жансыз денесин суудан чыгарышып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.