Коронавирус пандемиясы учурунда медициналык каражаттарды сатып алууда Саламаттыкты сактоо министрлигинде коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, коронавирус пандемиясы учурунда атайылап жогорулатылган баада медициналык каражаттарды сатып алуунун системдүү фактылары аныкталды.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 319-берене "коррупция" боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
"Такталгандай, 2020-жылдын май айларында Саламаттыкты сактоо министрлиги эл аралык гранттар жана насыя каражаттары аркылуу жалпы суммасы 1 миллион 800 миң долларга 67 жасалма желдеткич аппараттарын сатып алышкан, ал эми алардын базар баасы 600 миң долларды түзгөн.
Ошондой эле ар бири 30 миң доллардан турган желдеткичтерден 40 даана сатып алынган, алардын баасы Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Дары-дармек департаментинин маалымат базасы боюнча 7900 долларды түзгөн.
Мындан тышкары, 2020-жылдын сентябрь айында Саламаттыкты сактоо министрлиги ар биринин баасы 25 миң доллардан болгон 27 даана балдарга ылайык жасалма желдеткич аппараттарын сатып алышкан, бирок алардын базар баасы 10 миң доллардан ашпаган суммада болгон. Ушундай эле абал медициналык мекемелерге концентратор жана функционалдык керебеттерди жеткирүүдө дагы ушундай абалдар байкалууда. Учурда тергөө жүрүп жатат", - деп жазылат билдирүүдө.