Чүй облусунун Сокулук районунда унаа айдап качууга шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, былтыркы жылдын февраль айында Сокулук РИИБине 1988-жылы туулган жаран арыз менен кайрылган. Анда 2020-жылдын 10-февралынан 12-феврлына чейинки убакыт аралыгында анын Хонда Фит үлгүсүндөгү унаасын белгисиз бирөөлөр уурдап кетишкенин билдирген.
Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 206-берене "автотранспорт каражаттарын айдай качуу" боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы унааны айдай качууга шектүү жарандардын аты-жөнү такталып, алардын бири кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Ал эми жогорудагы кылмыш ишине шектүү экинчи жаран ички иштер органдарынан жашырынып жүргөндүктөн изделип жаткан.
24-март күнү жүргүзүлгөн издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, изделип жаткан жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Учурда тергөө иштери уланууда.