Тажикстандан Баткенге мыйзамсыз ташылып келе жаткан 52 миң 200 даана тоок жумурткасы алынды

Кыргыз өлкөсүнүн аймагына мыйзамсыз ташылып келген жалпы наркы 574 миң 200 сомдук товар алынды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бажы кызматкерлери Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Арка айылында Mersedes-Benz Спринтер үлгүсүндөгү транспорт каражатын токтотуп текшеришкен.

"Аталган жүк ташуучу транспорт каражатынын жүк бөлүгүн текшергенде, Тажикстандан мыйзамсыз ташылып келе жаткан 52 миң 200 даана тоок жумурткасы табылган. Кармалган товарлардын жалпы наркы 574 миң 200 сомду түзөт. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө өткөрүлүп берилген", - деп билдиришти бажы кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
SHMIT
2021-03-26 17:43:45
Ошондо жумуртка килограммдап сатылабы веске коюп койуптурго
+2
bayern-munchen
2021-03-26 19:38:08
SHMIT,албетте тууган килограммдап соода болот мисалы Кытай олкосунон деле штуктап эмес килограммдап келет
+2
Kombi
2021-03-26 19:35:32
Кармасын озубуздун фермерлердин соодасы болуш керек. Жок легенде Кыргызстандан чыккан жасалганды алып колдоо корсоткуло
+1
Kombi
2021-03-26 19:38:35
Эл озубуздон чыккан товарды алгыла. Мегаком иштеткиле ошондо КРстанга инвестиция жасаган болосунар
+3
sarbo
2021-03-27 16:59:51
ошондо жумуртка 11 сомдон болуп калабы?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан