Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда 2 жаран "Хизбут-Тахрир" уюмунан баш тартышты. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери тарабынан облус аймагында "Экстремист" аталышындагы операциясы өткөрүлүп, 24 факты аныкталды.
"Анын алкагында кызматкерлер тарабынан жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринин натыйжасында Ноокен районунун 2 тургуну "Хизбут-Тахрир" диний экстремисттик уюмунан баш тартышты. Алар буга чейинки кадамдары туура эмес экендиктерин айтышып, мындан ары мыйзамдуулукту сактоого сөз беришти.
Жалал-Абад ОИИБинин жүргүзүлгөн профилактикалык иштеринин натыйжасында, облус аймагында жыл башынан тартып 4 адам каттоодон чыгарылган.
Облус аймагында Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын багытында 553 адам каттоодо турат. Алардын ичинен 493 адам "Хизбут-Тахрир" диний экстремисттик уюмунун мүчөлөрү катары каттоого алынган", - деп жазылат маалыматта.