Кечээ, 25-мартта Бишкекте көп кабаттуу үйдүн 6-кабатынын терезесинен 2 жашар кыз кулап кеткен. Ал эми наристенин бүгүнкү күнгө карата абалы оор экени кабарланган.
Окуянын чоо-жайын билүү максатында SUPER.KG порталы Свердлов РИИБине байланышканда, төмөнкүлөрдү билдиришти.
"Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 139-берене "ден соолукка анча оор эмес зыян келтирүү" менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Алынган баштапкы маалыматтарга караганда, 2 жашар кыз бөлмөдө балдар менен ойноп жаткан. Андан улуу 3 жаштагы эжеси диванга чыгып, терезени ачканда жанында ойноп жаткан сиңдиси кулап кеткен. Бул учурда балдардын апасы башка бөлмөдө болгон. Дарыгерлердин айтымында, наристенин денесинде сыныктар жок. Учурда менчик клиникада текшерүүдөн өтүп жатат. Тергөө иштери уланууда", - деп билдиришти маалымат кызматынан.