Жогорку Кеңештин депутаты Марат Аманкулов УКМКда сурак берүүдө. Бул тууралуу SUPER.KG порталына укук коргоо органдарындагы өздүк булактар билдиришти.
Алардын айтымында, бүгүн, 26-мартта УКМКнын тергөө бөлүмү депутат Марат Аманкуловду "мыйзамсыз баюу" фактысы боюнча суракка чакырган.
Белгилей кетсек, буга чейин УКМК Жогорку Кеңештин депутаты мыйзамсыз байыганын маалымдаган. Анда аталган депутатка соода жана көңүл ачуу комплекси, Бишкек шаарынын жана Ысык-Көл облусунун аймагында жайгашкан 14 жер тилкеси, 3 кеңсе жана 4 турак жай, 5 батир, "Каприз" борборундагы коттедж, 3 хан сарай, ошондой эле жогорку өкүлдүк класстагы 5 аткаруучу унаа таандык экени айтылат.
Бул активдердин жалпы орточо базар баасы 1 миллиард 500 миллион сомдон ашык болгонун кабарлаган.