Beeline’дын жаңы уюлдук кеңсеси эми Баткен облусунда!

Beeline Баткен облусунун Интернационал айылында уюлдук сатуу жана тейлөө кеңсесин ачкандыгы жөнүндө кабарлайт.

«Интернационал айылы – бул Тажикстан менен чектешкен калктуу конуш. Бул калктуу конушта биз жаңы базалык станциябызды иштетип баштадык жана ошону менен бирге тартуу аймагын кеңейтип, үн байланышынын жана 4G интернетинин сапатын жогорулаттык», - деп компания кабарлайт.

Уюлдук офис – бул зарыл болгон учурда башка жерге уюлдук жылдыруу мүмкүн болгон атайын конструкция. Ошону менен бирге кеңсе башка кеңселерден эч айырмаланбайт, тактап айтканда андан кардар:
• Тарифин өзгөртө алат.
• Номерин кайра калыбына келтире алат.
• Номерин кайра жол-жоболоштура алат.
• Сим-картасын алмаштыра алат.
• Номерин блокко сала/блоктон чыгара алат.
• Кошумча кызматты кошо/өчүрө алат.
• Пайдалуу баада смартфон жана ага аксессуарларды сатып ала алат.


Бул кызматтардан тышкары, уюлдук кеңседен "Элкарт" картасын сатып алып, Balance.kg’ден идентификациядан өтсөңүздөр болот. Beeline эсиңиздерге салат: бардык кеңселерде, анын ичинде уюлдук кеңселерде, ар дайым акциялар жүрүп турат – бизди социалдык тармактардан көрүп, ар дайым белектерди алып туруңуздар!

Кеңсенин иштөө ырааты: күн сайын 09:00дөн 19:00гө чейин.

Beeline операторунун бардык сатуу кеңселеринде кардарлардын жана кызматкерлердин коопсуздугу үчүн санитардык эпидемиологиялык чаралар: бет кап кийүү режими, антисептиктерди колдонуу, жайларды санитардык тазалоо сакталып турат. Оператордун өкүлдөрү, Beeline’дын кардарлары жайгашкан жерине карабастан сапаттуу тейлөө алышы үчүн сервисти жогорку деңгээлде сактоо маанилүү экенин баса белгилешет.

Beeline: Сизге жана сиздин жакындарыңыздарга камкордук менен!


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан