УКМК: "Ош облусунда баңгизаттарды жүгүртүү каналына бөгөт коюлду"

Ош облусунда баңгизаттарды жүгүртүү каналына бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 25-мартта Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесинин (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, ИИМ Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы менен биргеликте Ош облусунун Кара-Суу районунан баңгизаттарды өткөрүүчүлөр аталган Кыргыз жарандары Н.С.И., И.И.Х. жана ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча бөлүмүнүн башчысы, милициянын майору С.Б.Ж. кармалды. "Кылмыштуу топ, Ош шаарынын жана Ош облусунун аймагында алар узак убакыттан бери баңгизаттарды өзгөчө ири көлөмдө сатуу менен алектенип жүрүшкөндүгү аныкталды. Жүргүзүлгөн тиешелүү иш-чаралардын натыйжасында жалпы салмагы 550 граммдан ашык гашиш жана 100 граммга жакын героин баңгизаттары кармалгандардан алынган.
Кармалгандар Кыргыз Республикасынын УКМКнын

Ош облустук жана Ош шаардык башкы башкармалыгынын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди", - деп жазылат маалыматта.

Азыркы учурда УКМК тарабынан жогоруда аталган фактыга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан