Буга чейин Ош облусунун Кара-Суу районунда кыз көпүрөдөн боюн таштап каза болгону кабарланган.
Мындан улам аталган көпүрө алынды. Маалыматты SUPER.KG порталына Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан тастыкташты.
"Аны атайын жеке ишкер экстремалдуу оюн үчүн орноткон. Аны 27-март күнү ээси буздурду", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Маркум кыз жөнүндө маалымат: Орусиянын жараны, улуту кыргыз, 2020-жылдын май айында Ош шаарында жайгашкан Ош мамлекеттик университетинин медицина факультетинин 6-курсун аяктаган. 2020-жылдын октябрь айларында Орусиянын Тюмень облусунда жашаган ата-энесине кетип, 2021-жылдын 24-март күнү Москва шаарынан келген, жогорку билимдүү, турмушка чыккан эмес".