26-мартта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев чек ара көйгөйүн чечүү аракеттери тууралуу басма сөз жыйын өткөрдү. Ал жыйын учурунда өзбек тарап менен сүйлөшүүдө кабыл алынган чечимдердин жыйынтыгын айтып, чек ара маселеси 100 пайыз чечилгенин жарыялады.
Ал эми маалымат жыйындан кийин колдонуучулар бул чечимдерге карата бир топ жеке пикирлерин жазып чыгышты. Алардын арасында Ташиевдин чыгарган чечимдери тарыхый ката болгонун жазышса , кээ бирлери негизгиси жер алмашуу болсо да маселе чечилгенин, бул эң маанилүү чечим болгонун жазышты.
Алардын бири Баткен облусунун Кадамжай районундагы Чечме айылынын тургуну, жарандык активист Каныбек Парманов. Аны маалымат жыйын учурунда Камчыбек Ташиевдин "Чечме булагын эки тарап чогуу колдоно турган болду" деген пикири тынчсыздандырып жатат. Айтымында, бул чечимге айыл эли жапырт нааразы жана алар ата-бабасынан калган булакты бийлик бир тараптуу кылып тосуп берүүсүн өтүнүп жатышат.
"Урматтуу Камчыбек Ташиев, кечээ сиз Ташкентке барып, өзбек тарап менен чек ара маселелерин талкуулап, бир топ чечимдерди кабыл алып келдиңиз. Бүгүн эл да, бийлик да, дегеле жалпы кыргыз эли чек ара көйгөйүнөн тажап бүттүк. Сиз да бул көйгөйдү биротоло чечүүгө бекем бел байлаганыңызды жалпы журт колдоп, ак батасын беришти. Бирок ушулардын баарын эске алып туруп, биз Сох анклавы менен чектеш жайгашкан Чечме айылынын тургундары, Ташкенттеги жолугушуунун жыйынтыгында кабыл алынган, Чечме булагын ортодо колдонобуз деген чечимге макул эмеспиз.
Бүгүн биз буга макул болсок, эртең көп нерседен уттуруп коюшубуз толук мүмкүн.
Кылымдардан бери ата-бабаларыбыздан бүгүнкү күнгө чейин сакталып келген баа жеткис менчик мурасыбызды бөтөн эл менен ортодо колдонуу - бул бүгүнкү күндө, бүгүнкү дүйнө жүзүндө болуп жаткан оош-кыйыш саясий кырдаалда, өтө чоң жаңылыштык болуп саналат. Бүгүнкү күндө колубузда Чечме булагы кыргыз элинин, Кыргыз Республикасынын менчиги экендиги тууралуу толтура так жана туура сакталып келген тарыхый, архивдик-документалдуу бир нече далилдерибиз бар.
Ушунча фактылар жана далилдер бар туруп, өз менчигибизди башка өлкөнүн эли менен ортодо пайдалануу чечими Чечме элин аябай кыжырлантууда. Буга чейин булакка тең укуктуу болууга бир топ аракеттерди жасашып, бирок максаттары жүзөгө ашпай келе жаткан кошуна Сох эли мындай чечимден кийин ачык-айкын эле биздин булагыбызга ээлик кылуу үчүн ар кандай провокациялык кадамдарга барышат. Бул жагдайды айтпаса деле жергиликтүү эл мыкты билип турабыз.
Алар эртең келишип, биздин эң ыйык деп саналган Чечме булагыбыздын айланасына эс алуучу жайларды, чайханаларды курушуп, биздин берметибиз болгон Чечме булагыбыз тебеленди болот. Мындай учурда чоң чыр чыгуусу толук ыктымал. Себеби биз үчүн ыйык болгон булактын айланасын биз бөтөн элге тебелеткибиз келбейт. Ал жер мазар, биздин ата-бабаларыбыздын сөөктөрү коюлган ыйык жай.
Бүгүн элдин бирден бир жалгыз эңсегени, максаты жана тилеги - менчигибиз болгон Чечме булагын тосуп бергиле деп суранабыз. Булактын өзүбүздөн арткан суусун кошуна Сох анклавынын элине буга чейин кандай берип келген болсок, чек арабыз тосулгандан кийин да ошол бойдон беребиз. Себеби өзүбүздөн арткан сууну биз эч жакка алып кете албайбыз жана алып кетүү мүмкүн да эмес. Ошол себептен Чечме эли өз булагыбызды чек ара кылып тосуп берүүңүздөрдү талап кылабыз", - деди Парманов.
Бул маселе боюнча ал тиешелүү тараптарга кайрылганын, бирок азырынча расмий жооп болбой жатканын кошумчалады.
Эске салсак, буга чейин да аталган өрөөндө булактын айынан эки тараптын ортосунда байма-бай чыр болуп келген. Өткөн жылдын 31-майында Баткен облусунун Кадамжай районундагы Чечме айылынын жана Сох районунун Чашма айылынын тургундарынын ортосунда чыр чыккан. Чыр кыргыз тарапка тиешелүү болгон булакты талашуудан келип чыкканы айтылган.
Анда "булактын кыргыз тарапка таандык экенин далилдеген документ бар экенине карабай, бийлик алсыздык кылып жатат" деген тургун чыр-чатакка байланыштуу көйгөйлөрдү SUPER.KG порталына айтып берген.