Ош шаарында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн кайрымдуулук иш-чарасы өттү

Ош шаарында кайрымдуулук иш-чарасы өткөрүлдү. Иш-чарага Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин Атабаев, Ош шаардык мусулмандар казыятынын Чарба курулуш жана мечиттер адиси Муктарбек Номан уулу, Имам Матуриди диний окуу борборунун мугалими Толкунбек Камбаров, Ош шаарындагы 70 мүмкүнчүлүгү чектелген балдар, алардын ата-энелери катышкан. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Иш-чаранын алкагында Муктарбек Номан уулу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелерине терең ыраазычылыгын билдирген.

"Бул дүйнө сыноо майданы экени баарыбызга белгилүү. Мусулман адам жокко сабыр, барга шүгүр келтирип жашоо менен ийгиликке жетет. Ошондуктан келген кыйынчылыктарга сабыр кылып жашоо керек. Сиздердин сабырдуулугуңуздардын сыйлыгы чоң", - деген Номан уулу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан