Ош ОИИБи: "Көпүрөдөн боюн таштап каза болгон кыздын туугандарынын эч кимге арыз-дооматы жок"

Ошто көпүрөдөн боюн таштап каза болгон кыздын туугандарынын эч кимге арыз-дооматы жок. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Каза болгон кыздын туугандары арыз-дооматы жок экенин айтып, сөөгүн алып кетишти", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Буга чейин Ош облусунун Кара-Суу районунда кыз көпүрөдөн боюн таштап каза болгону кабарланган. Анда 25-март күнү саат 17:45 чамасында Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл аймагында орун алган Дача участкасында белгисиз жаран бийиктиктен боюн таштап каза болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн.

Маркум кыз жөнүндө маалымат: Орусиянын жараны, улуту кыргыз, 2020-жылдын май айында Ош шаарында жайгашкан Ош мамлекеттик университетинин медицина факультетинин 6-курсун аяктаган. 2020-жылдын октябрь айларында Орусиянын Тюмень облусунда жашаган ата-энесине кетип, 2021-жылдын 24-март күнү Москва шаарынан келген, жогорку билимдүү, турмушка чыккан эмес".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан