Чүйдүн Ысык-Ата районунда үй өрттөнүп, бир жаран жаракат алды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жалпы аянты 70 чарчы метр болгон турак үйдүн жыгачтан салынган кире бериш бөлмөсү өрттөнгөн. Өрттүн кесепетинен 1950-жылы туулган жарандын денесинен 35 пайызы күйүк алып, ооруканага жеткирилген.
Учурда абалы оор.
Өрттүн себеби электр зымдарынын кыска чыңалуусунан келип чыккан.