Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев коронавируска каршы эмдөөдөн алгачкылардан болуп өттү. Анда министр жана анын орун басарлары №7 үй-бүлөлүк медициналык борборунда эмдөөдөн өттү.
Белгилей кетсек, бүгүн, 29-мартта өлкө аймагында коронавирус илдетине каршы эмдөөнүн биринчи этабы башталды. Анда алгачкылардан болуп саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев эмдөөдөн өттү. Андан кийин медицина кызматкерлери жана башкалар алат.