Кадамжайда батирден аял кишинин жансыз денеси табылды

Баткен облусунун Кадамжай районунда батирден аял кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 28-март күнү саат 10:00дө куткаруучулар Кадамжай шаарынын Киров көчөсүндө жайгашкан №2 үйүнүн батиринин жабылып калган эшигин ачкан. Батирдин ичинен болжол менен 80-85 жаштагы аял кишинин жансыз денеси табылган.

ӨКМнын №3 өзүнчө мобилдештирилген тоо-кен куткаруу взводунун куткаруучулары маркумдун жансыз денесин ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан