Пара талап кылуу фактысы менен Ички иштер министрлигинин кызматкеринин атын жамынган жана анын таанышы кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 26-мартта ИИМдин ички иликтөө кызматы менен биргеликте 50 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын пара алып жаткан учурда Л.Д. жана Т.у.Ж. аттуу жарандар кармалышты.
"Кармалган жарандар өздөрүн Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБинин кызматкери катары тааныштырышып, ортомчулук кылып жатасың деп кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн Сокулук районунун тургунунан 5 миң доллар акча каражатын талап кылышкан. Белгилей кетсек, аталган Л.Д. мурда арыз ээсинен 190 миң сом жана 1 миң долларын алган. Кармалгандар убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тиешелүү тергөө иш-чаралары улантылууда", - деп билдиришти УКМКдан.