Жайылда мурдагы жубайын сабап, ок чыгарган. Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Чүйдүн Жайыл районунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү бейбаштык беренеси менен кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милиция кызматына аял киши кайрылып, анда мурдагы күйөөсү үйүнө келип, аны бир канча жолу уруп, ок чыгарганын айтып арызданган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында, шектүү катары 34 жаштагы шектүү кармалган.

Ал ИИМдин каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
bond02
2021-03-29 11:53:17
Жиган го.
0
Kuban-1207
2021-03-29 12:25:25
34 жашта эмес эле 50 жашта го
0
Mirlan27011987
2021-03-29 13:14:20
Сакалчандар баарына эле жагымдуу эмес, айрыкча көпчүлүк аялдар үчүн. Сакал акылдын ордун баса албайт.Сакал тизеге чейин, акылы мурундан ашпайт. Азыркы жаштарга акылдан да, сакал кымбатыраак болуп баратабы түшүнбөйсүң.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан