Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримова 4-апрелде той берет. Той ырчынын 30 жашына арналат. Туулган күнү менен бирге сахнага чыкканына 10 жыл болгонун белгилеп, чоң той өткөрөт. Бул тууралуу ал SUPER.KG порталына билдирди.
"Өздүк майрамымды Ош шаарындагы тойканалардын биринде белгилеп, ага туугандарыбызды жана шоу- бизнес өкүлдөрүн чакырабыз. Салтанат өзгөчө болсун деп конокторго кара түстө кийинип келгиле дедик", - деди ал.