УКМК: "Пара талап кылуу фактысы менен тергөөчү кармалды" (сүрөт)

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун ИИБ тергөө кызматынын тергөөчүсү милициянын капитаны жана жөнөкөй жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, мекеменин Жалал-Абад облусу боюнча Коррупцияга каршы кызматы жана ИИМдин ички иликтөө кызматы жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-чаралардын жүрүшүндө Ноокен районундагы Маасы айылынан майда бейбаштык фактысы боюнча жашы жете элек кызга, анын тууганына карата козголгон кылмыш иши боюнча оң чечим чыгарып берүү боюнча арыз ээсинен 12 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалган.

"Кармалган милициянын капитаны жана жаран Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүмү ("пара талап кылуу") боюнча сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын алкагында жүргүзүлдү.
Учурда УКМК тарабынан тиешелүү ыкчам тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Kuban-1207
2021-03-29 13:47:04
Корупция кылбагыла десе кычайт
+1
Kuban-1207
2021-03-29 13:47:30
Атыш керек анан токтойт
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан