Телефонун, күндөн коргоочу көз айнегин тартып алган. Бишкекте тоноого шектелип 21 жаштагы жаран кармалды

Бишкек шаарында тоноого шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 28-мартта болжол менен саат 22:40 чамасында 102 кызматына Жибек Жолу көчөсүнөн чет өлкөлүк жаранды тоноп кетишти деген маалымат келип түшкөн.

Бул факты боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 201-берене "тоноо" менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

"Айтылган дарекке милициянын кайгуул кызматкерлери барып, маалыматты тактаганда 1989-жылы туулган чет өлкөлүк жаран арыз менен кайрылган. Анда ошол эле даректен белгисиз кебетеси европалык жаран арыз ээсинин баасы 300 евро турган чөнтөк телефонун жана баасы 300 евро турган күндөн коргоочу көз айнегин ачык түрдө күч колдонуп, тартып алып качып кеткенин жазган. Кайгуул кызматы тарабынан кылмыш изи сууй электе шектүү катары 2000-жылы туулган чет өлкөлүк жаран кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилген", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан