Жеңил атлетика боюнча курама команда Ташкент марафонунда 4 медаль жеңди

Жеңил атлетика боюнча Кыргыз Республикасынын курама командасынын мүчөлөрү эл аралык Ташкент марафонунда 4 медаль жеңди. Бул тууралуу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мелдеш 28-март күнү Өзбекстанда өттү.
Жыйынтыктары:
Алтын – Дарья Маслова (жарым марафон 1:13.19);
Алтын – Мария Коробицкая (марафон 2:32.21);
Күмүш – Илья Тяпкин (марафон 2:23.34);
Коло – Гулшана Саттарова (жарым марафон 1:16.44).
Белгилей кетсек, спортчулар Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын негизги республикалык жана эл аралык мелдештердин календарлык планына ылайык иш-сапарга жөнөтүлдү.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан