"Байге фонду 200 миң сом". 35 жашка чейинки акындар арасында сынак жарыяланды

Чыныбай Турсунбеков атындагы фонд Улуттук жазуучулар союзу менен биргеликте жаш акындар арасында “Жаш толкун” поэзия конкурсун жарыялайт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына сынактын уюштуруучулары билдиришти.

Маалыматка ылайык, конкурска 18 жаштан 35 жашка чейинки акындар катыша алат. Жалпы байге фонду 200 миң сомду түзүп, баш байгенин ээсине - 100 миң, 1-орунга 50 миң, 2-орунга 30 миң, 3-орунга 20 миң сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлык ыйгарылат.

"Сынак 2 этаптан турат. Алгачкы этаптын алкагында 20 акын тандалып алынат. Финалдык этап мыкты делген 20 акындын катышуусунда Ысык-Көлдүн жээгинде өткөрүлөт. Сынакка берилүүчү ырлардын тематикасына чектөө коюлбайт. Чыгармалар 1-июнга чейин кабыл алынат", - деп айтылат маалыматта.

Сурап билүү телефондору: 0312 658-658, 0554 53-54-85.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан