"Ислам өнүктүрүү" банкынын Кыргыз өлкөсүнө берген насыясынын эсебинен алынган "Тез жардам" унааларын сатып алууда Саламаттыкты сактоо министрлиги мыйзам бузган. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, 2020-жылдын 21-сентябрында Саламаттыкты сактоо министрлиги "Коопсуз шаар" долбоорунан түшкөн пайдага ар бири 2 миллион 924 миң 267 сом турган 66 "Тез жардам" унаасын сатып алуу чечимин чыгарган. Бирок аталган чечимди кабыл алууда "Коопсуз шаар" долбоору менен келишим түзүлгөн эмес.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 320-берене "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана 322-беренеси "пайдасыз келишимдерди түзүү" боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
"Кийин 2020-жылдын 21-октябрында аталган министрлик "В" аталышындагы жоопкерчилиги чектелген коому менен "Газель Соболь 4х4" үлгүсүндөгү 66 даана "Тез жардам" унаасын сатып алуу үчүн 193 миллион 1 миң 222 сомго (ар бири 2 миллион 924 миң 267 сом) келишим түзгөн. Анда ар бир унаанын баасы 94 миң 232 сомго көп көрсөтүлгөн.
Натыйжада "Тез жардам" унааларын сатып алган учурдагы доллардын сомго карата курсун эске алганда, бюджет 18 миллион 976 миң 681 сомго зыян тарткан", - деп жазылат маалыматта.