Мискейдин түбүн тешип, телефонду каткан жай жасаган. Абакка телефон алып кирген жарандар кармалды

Жазалары аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерлери тарабынан абакка уюлдук телефон жана башка буюмдарды алып кирүүгө аракет кылган жарандар кармалды. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 26-март күнү болжол менен саат 11:50 чамасында Юстиция министрлигине караштуу ЖАМКнын Ысык-Ата районунун Төмөнкү Нооруз айылында жайгашкан №50 мекемесинде жаза мөөнөтүн өтөп жаткан соттолуучуга атасы тыюу салынган буюмдарды текшерүүдөн катып өткөрүүгө аракет кылган. Анда ал мискейдин түбүн тешип, атайын жай жасаган. Анын ичине ак жана кара түстөгү 2 даана уюлдук телефон, 4 даана кулакчын, 1 телефон кубаттагыч жана башка тыюу салынган буюмдарды салган. Бул факты боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган.

Ал эми 27-мартта болжол менен саат 15:40 чамасында Аламүдүн районунун Молдовановка айылында жайгашкан №27 мекемесинин диний экстремизм жана терроризм боюнча соттолгондорду кармоочу обочолонгон аймагында жаза мөөнөтүн өтөп жаткан соттолуучуга таанышы тамак-аш жана телевизор берүүгө келген. Текшерүүдө сыналгынын ичинен 14 даана уюлдук телефон табылган.

Учурда Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы тарабынан тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан