Бишкек-Ош унаа жолунда унаа оодарылып кетип, Куралдуу күчтөрдүн катарында кызмат өтөп жаткан аскер каза болду. Бул тууралуу Борбордук штабдын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кырсыктын кесепетинен Н.А. аттуу аскер кызматкери каза болуп, дагы бир жоокер колунан жаракат алган.
Алдын ала айтылган маалыматтарга караганда, айдоочу унаанын рулун башкара албай калган.