Жер тилкесин алып берем деп акчасын алган. Чүйдө алдамчылыкка шектелип уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Чүй облусунун Аламүдүн районунда алдамчылыкка шектелип уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, буга чейин Аламүдүн РИИБине жергиликтүү тургун арыз менен кайрылган. Анда 2018-жылы бир нече адам ага Пригородное айылынан жер тилкесин алып беребиз дешип, 490 миң сомун алып ошол боюнча из жашырып кетишкенин билдирген.

Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 204-берене "алдамчылык" менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

"Тергөө амалдарынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип 50 жаштагы Чүй облусунун тургуну кармалган. Териштирүү учурунда кармалган жаран буга чейин бир нече жолу соттолуп, ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турганы такталган. Шектүү жаран тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда", - деп билдиришти облустук милициядан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Kuban-1207
2021-03-29 17:35:29
Аты жөнү жокбу
0
Taalaibek.
2021-03-29 18:36:30
Аты чыкпаса жер ортто болуп чыгаргандагысы да.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан