Чүй облусунда өткөрүлгөн рейд иш-чарасында бир нече кылмыштын бети ачылды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 24-марттан 29-мартка чейин Чүй облусунун аймагында издөө жана кылмыштуулуктарды алдын алуу иш-чарасы болуп өттү. Өткөрүлгөн рейдде Чүй ОИИББи тарабынан ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турган 5 жаран кармалып, сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда. Андан сырткары 17 кылмыштын бети ачылган.
Алардын ичинен:
1) Каракчылык боюнча - 1;
2) Уурулук боюнча - 9;
3) Алдамчылык - 1;
4) Ээнбаштык - 1;
5) Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо - 2.