Гапар Айтиев атындагы музейге ууруга кирген чет өлкөлүк жаран кармалды

ИИМдин күзөт кызматынын кызматкерлери Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинен баалуу буюмдарды уурдоого аракет кылган жаранды кармашты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 27-марттан 28-мартка караган түнү саат 02:14 чамасында музейде сигнализация иштеген. Күзөттө турган кызматкер бирөө киргенин көрүп ошол замат артынан чуркап барып, терезеден кирип барган. Кызматтык бөлмөнүн эшиги бек болгонуна байланыштуу кылмышка шектүү кача албай буюмдарды колуна алып, каршылык көрсөткөн.

ИИМдин күзөт кызматынын Биринчи Май райондук күзөт бөлүмүнүн №323 ыкчам кармоо тобу саат 02:16 чамасында жардам берүү үчүн жетип барышкан. Жыйынтыгында кылмышка шектүү катары 1979-жылы туулган чет өлкөлүк жаран кармалган. Кармалган жаран тийиштүү кызматкерлерге өткөрүлүп берилген. Окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, анда музейдин камерасын жулуп салышканы такталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Taalaibek.
2021-03-29 18:34:16
Эми чет олколук жарандын дагы жузун жашырып, деги качан онугобуз ар бир кылмышкердин жузун жашырып?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан