Биринчи вице-премьер-министр фармацевтикалык компаниялардын өкүлдөрү менен көчмө жыйын өткөрдү

Биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков фармацевтикалык компаниялардын өкүлдөрү жана ата мекендик дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды өндүрүүчүлөр менен көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Фармацевтикалык компаниялардын өкүлдөрү дары-дармектерге бааларды мамлекеттик жөнгө салуу, саламаттыкты сактоо мекемелери тарабынан берилген дары-дармектерге акы төлөөнүн кармалуусу, дары-дармектерди каттоого алуу жана кайра каттоого байланыштуу көйгөйлөр, ата мекендик дары-дармек рыногунун ЕАЭБ талаптарына жооп берүүсүнө тийиштүү маселелерди көтөрдү, ошондой эле дары-дармектерди мыйзамсыз киргизүүгө жана аларга карата баалардын жогорулашына алып келүүчү кошумча нарк салыгынын киргизилиши боюнча кооптонуусун билдиришти.

"Жогорку кирешелүү фармацевтикалык рынокто бардыгы эле эреже боюнча иш алып барбасы түшүнүктүү. Максималдуу киреше алууга умтулган "күңүрт" схема боюнча иштөөгө аракеттенген белгилүү ташуучулар бар. Мындай фактылар орун алууда, болбосо жарандар Кыргыз мамлекетиндеги жана башка өлкөлөрдөгү дары-дармектерге карата баалардын ажырымына нааразы болмок эмес. Ошондой эле бул рецепттик дармектерге гана тийиштүү эмес. Рынокту жөнгө салуу ушунчалык күчөтүлгөндүктөн таңгактын дизайнындагы майда өзгөртүүлөр да Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине караштуу Дары-дармектер жана медициналык буюмдар департаментинде алты айлап макулдашууну талап кылат. Көптөгөн өндүрүүчүлөр рыноктун кичи көлөмүнө байланыштуу дары-дармектерди Кыргыз өлкөсүндө каттоого кызыкпайт, бул дары-дармектердин баасына өз таасирин тийгизет. Биз дары-дармектерди каттоого алуу жана кайра каттоо боюнча талаптарды жөнөкөйлөштүрүп, Европа, Орусия жана башка өлкөлөрдөгү жүгүртүүдөгү дары-дармектерди таануу үчүн мүмкүнчүлүк түзүүбүз керек. Департамент кагаз жүзүндөгү текшерүүнү гана жүргүзөт. Буга катар биз рыноктогу фармацевтикалык дармектердин сапатын көзөмөлдөөнү күчөтүүбүз жана маанилүү дары-дармектерге карата бааны мамлекеттик жөнгө салууну киргизүүбүз керек", - деп белгиледи Артём Новиков.

Фармацевтикалык компаниялардын өкүлдөрү дары-дармектерге бааларды мамлекеттик жөнгө салуу тууралуу идеяны жалпысынан колдоого алды.

"Мындай тажрыйба дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө пайдаланылат. Бирок биздин өлкөдө мамлекеттик жөнгө салуу механизмин баскычтуу түрдө ишке киргизүү керек. Биздин рынок кичине жана ал толук кандуу мамлекеттик жөнгө салуунун киргизилишине даяр эмес. Биз аталган маселени талкуулоого даярбыз. Ал үчүн ченемдик-укуктук актыларды талапка ылайык келтирүү керек", - деп эсептешет фармацевтикалык компаниялардын өкүлдөрү.

Ошондой эле диагностикалоо үчүн реагенттерди, медициналык кол каптарды, компьютердик томографтарды киргизүү, бажы кызматы менен өз-ара аракеттешүү, дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды ЕАЭБ эрежелери боюнча каттоо көйгөйү, дарыканалардагы рецептуралык-өндүрүштүк бөлүмдөрдүн ишине тийиштүү маселелер козголду.

Новиков эки жума ичинде дары-дармектерди киргизүү боюнча, ата мекендик жана чет элдик дармектерди каттоо жана кайра каттоого алуу мөөнөтүн кыскартууга тийиштүү, регистрациялык досьеге өзгөртүү чектеринин критерийлерин иштеп чыгуу боюнча ченемдик-укуктук акты долбоорун толуктап иштеп чыгуу жана тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү, ошондой эле ыйгарым укуктуу орган тараптан жооп болбогон учурда «унчукпоо макулдуктун белгиси» принцибин ишке киргизүүнү тапшырды.

Мындан тышкары, Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине Департаменттин ишин оптималдаштыруу жана андагы санариптештирүү процессин тездетүү, дарыканалардагы тартыштыктарды болтурбоо үчүн коронавирус инфекциясына каршы дармектердин ар бир ай боюнча муктаждыктар графигин түзүү, ошондой эле ата мекендик фармацевтикалык рыноктун ишин ЕАЭБ принцибине которуу боюнча иш-аракеттер планын даярдоосу тапшырылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан