Кечээ, 29-мартта Бишкек шаарынын Ленин районунда жааган жаандын кесепетинен улам жолдогу суулар ашып, үйлөрдү каптаган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Дэн Сяопин кең көчөсү менен Алыкулов көчөлөрүнүн кесилишинде жааган жаандын кесепетинен жолдогу суулар ашып, турак үйлөрдү каптап кетүү коркунучу жаралган.
Аталган дарекке ӨКМнын куткаруучулары тартылып, кум толтурулган каптар менен жээгин бекемдөө иш-чараларын жүргүзүшүп, суу каптоо коркунучун жоюшканын маалымдашты.