Ырчы Айтурган Эрмекова ушул күндөрү Орусиянын бир катар шаарларында гастролдоду. Бул тууралуу ырчы SUPER.KG порталына билдирди.
Ал гастролго 4 айлык ымыркайы менен барган. Ырчы бала багуучусун да алып алган. Ошондой эле анча-мынча кыйынчылыктар болуп жатканын, бирок баласы жоош экенин кошумчалады.
"Орусияга гастролго күйөрмандарымдын атайын чакыруусу менен бардым. Москва, Санкт-Петербург, Новосибирск, Екатеринбург шаарларында 2 күндөн концерт койдум. Гастрол мыкты деңгээлде, аншлаг менен өттү. Күйөрмандарым абдан жакшы кабыл алышты. Эң кубандырганы Москва шаарында көрөрмандарга орун жетпей калып, үйлөрүнөн отургучтарды алып келип көрүштү. Мындан кийин да көп келем деген ойлорум бар", - деди ырчы.