Кечээ, 29-мартта Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, саат 18:26 чамасында аталган аймактын Тилекмат айылында Honda-Avancier жана BMW-525 үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган.
"Кырсыктын кесепетинен 3 эркек киши жабыркаган. Окуя болгон жерге 4 куткаруучу тартылып, кыпчылып калган 1986-жылы туулган эркек кишини унаадан чыгарышкан. Ал эми жабыркаган 2 эркек кишини (аты-жөндөрү такталууда) куткаруучулар жеткенге чейин "Тез жардам" кызматы облустук ооруканага алып кеткен. Абалдары туруктуу", - деп билдиришти маалымат кызматынан.