Эл аралык дзюдо федерациясынын президенти Кыргыз өлкөсүнө келет

Эл аралык дзюдо федерациясынын президенти, дзюдо боюнча 7-дан кара курдун ээси Мариус Визер Кыргыз өлкөсүнө келет. Бул тууралуу Дзюдо федерациясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, делегациянын курамында Азия дзюдо союзунун президенти Обайд Аль Анзи келет.
Иш сапардын негизги максаты - Борбор Азиядагы дзюдонун өнүгүшү жана 2021-жылы Кыргыз өлкөсүндө өтүүчү дзюдо боюнча Азия жана Океания чемпиондугунун жана Кыргыз дзюдо академиясындагы ачылышына катышуу болуп эсептелет.
Белгилей кетсек, делегация Кыргыз Республикасынын Улуттук дзюдо федерациясынын президентинин чакыруусу менен келет.
Маалымат үчүн:
Эл аралык дзюдо федерациясы (англ. International Judo Federation, IJF) 1951-жылы июль айында түзүлгөн.
IJF'тин баш кеңсеси Венгриянын Будапешт шаарында жайгашкан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан