Коронавируска байланышкан эпидемиологиялык кырдаалдан улам 29-марттан тартып Кыргыз өлкөсүнөн чет мамлекетке бир нече авиакаттамдар токтотулду.
Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун басма сөз кызматынан маалымат таратышты.
Маалыматка ылайык, эл аралык төмөнкү авиакаттамдар убактылуу каттабайт:
"Авиа Траффик" компаниясынын:
Бишкек – Иркутск – Бишкек – 1-апрелден 29-апрелге чейин;
Бишкек – Грозный – Бишкек – 30-марттан 6-апрелге чейин;
Бишкек – Воронеж – Бишкек каттамы 3-апрелден 25-апрелге чейин.
Бишкек – Казань – Бишкек – 5-апрелден тартып;
Бишкек – Краснодар – Бишкек – 2-майдан тартып;
Бишкек – Красноярск – Бишкек – 30-марттан тартып;
Бишкек – Новосибирск – Бишкек – 31-марттан 2-апрелге чейин;
Бишкек – Сургут – Бишкек – 3-апрелден тартып.
Мындан тышкары "China Southern Airlines" компаниясы Үрүмчү-Бишкек-Үрүмчү багытындагы туруктуу авиакаттамы белгисиз мөөнөткө чейин токтоду.