Бишкек шаарында лоу-кик бөлүмүндө кикбоксинг боюнча республикалык чемпиондук өттү

27-28-март күндөрү «Газпром-Кыргызстан» мектебинде (Бишкек шаары) лоу-кик бөлүмүндө кикбоксинг боюнча Кыргыз Республикасынын чемпиондугу өттү. Бул тууралуу Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мелдешке өлкөнүн жети облусунан жана Бишкек, Жалал-Абад, Ош, Токмок шаарларынан 100дөн ашуун спортчу катышты. Жеңүүчүлөр жана 2-, 3-орунду ээлеген спортчулар медаль, дипломдор менен сыйланышты.
Белгилей кетсек, иш-чара Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясы жана Кыргыз Республикасынын кикбоксинг, тай боксу жана ушу федерациясы тарабынан өткөрүлдү.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан