ЭЛДИК КАБАР: "Ош шаары боюнча бардык ооруканада орун жок" дейт окурман

SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" рубрикасына окурман кайрылды. Анда ал ооруп жаткан карындашын эч бир оорукана кабыл албай жаткандыгын айтты.

"Өзүмдөн кичүү карындашым ооруп, менчик же мамлекеттик оорукана алган жок. Ош шаары боюнча бардык ооруканада орун жок экен. Өзүбүз шаарда турабыз, каттообуз да шаарда. Ош шаардык жана облустук оорукана да алган жок. Бул деген эмнени билдирет? Кайра үйгө алып келдик. Эмне болот экен деп айлабыз кетип отурабыз. Ушундай заманда жашап жатканыма өкүнөм. Жеңилирээк оору болсо да мейли. Качан комага түшүп калат экен деп отурабыз.

Кемпир-чал же жашы өтүп калган адам болсо бир жөн. Капа болбойт болчумун. 34 жаштагы жаш эле келин. Бул карындашымдын үч жылдан бери оорусунун диагнозун эч ким коё албай койду. Баары эле боордон дейт. Бир кашык тамак же суу ичпейт.

Айыктыргыла дебейм, боорду алмаштырганга сүйлөшүүлөрдү жүргүзгүчө адамды кыйнабай, ооруканада кармап берсе деп сурангам. Шаардык ооруканада гепатология бөлүмү жок экен. Облустук ооруканага барганыбызда орун жок, оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүп жатабыз дешти. Ушундай убакта бизди албаса, эртең коронавирус илдети күч алып кетсе анда биз көчөдө эле өлөт окшойбуз", - деди окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
JaneEr
2021-03-30 19:29:27
Диагнозу коюлбаса,анда кучтуу рукъячыга дем салдыргыла.Мен ошентип 1 жыл ооруп жакшы боло баштадым,тоже 34 жаштамын.Барбаган больницам калбаган эле...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан