"Газпром Кыргызстан" компаниясы жана MegaCom уюлдук байланыш оператору жаратылыш газы үчүн төлөмдү кабыл алуу боюнча долбоорду ишке киргизишти. Жаратылыш газы үчүн төлөмдү комиссиясыз жүргүзүү үчүн эсеп дүмүрчөктү алып, MegaCom компаниясынын сатуу жана кардарларды тейлөө борборлоруна барышыңыз керек. Сиз төлөмдү жумушуңуз башталганга чейин же жумуштан кийин, дем алыш жана майрам күндөрү дагы жүргүзө аласыз.
Мисали "Чынар" соода борборундагы кардарларды тейлөө борбору күн сайын саат 22:00гө чейин дем алышсыз иштесе, "Аламедин Гранд" соода борборундагы кардарларды тейлөө борбору саат 08:00дөн баштап иштейт.
MegaCom компаниясынын тейлөө борборлорунун дарегин жана иштөө графигин бул шилтеме аркылуу билсеңиз болот.
Мындан тышкары газга болгон төлөмдү төмөнкү ыкмалар менен дагы жүргүзсө болот:
Алдын ала төлөө электрондук газ эсептегичтери бар абоненттер смарт-карталарын бир гана "Газпром Кыргызстан" компаниясынын Калкты тейлөө борборлорунан толуктай алышат.