SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" рубрикасына окурман кайрылды. Анда ал Жалал-Абад-Кочкор-Ата жолунун абалы начар экендигин айтып, айдоочулардын кыйналганын кошумчалады.
"Урматтуу чоңдор, жок дегенде жамгырдан кийин Жалал-Абад-Кочкор-Ата жолун бир сүрдүрүп, оңдоп койсоңуздар. Айдоочулардын бир эле көйгөйү бар. Жолдун абалынын начардыгынан кыйналып кеттик", - деген ал.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.