ЭЛДИК КАБАР: "Азапка салган Алайкуу жолу жол эмес эле, шифер болуп калган" дейт окурман (сүрөт, видео)

SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Азатбек Шерматов аттуу окурман кайрылды. "Жетпеген жетекчилерге мындай муң, зардан жетимишти жазсаң да жетпейт, ошентсе да үзүлбөгөн үмүт" деген окурман жол көйгөйүнө байланыштуу жазган ой-толгоосу президент Садыр Жапаровго жетсе экен деп үмүт кылат.

28-мартта Алайкуунун Терек айылына батага баруу керек болуп Оштон кечке маал жөнөп кеттик. Кара-Кулжа-Алайкуу жолунун 100 чакырымдан ашык жерине асфальт төшөлгөн эмес, таш жол жана көпчүлүк бөлүгү үстү жар, аска-зоо, жолдун алды жар, жардын этегинде күртүлдөп τаштан-ташка урунуп аккан Тар дарыясы агып өткөн кыя жол.

Жамгыр жааган күндөрү ошол асфальт төшөлбөгөн таш жолдо барып келиш өтө кыйын болуп калат. Себеби жолдун үстүндөгү жар көчөт, жамгырдан эзилип бошогон таштар көчүп түшөт, шагыл таш агызган кыян келип жолду жаап калышы мүмкүн. Кечээ барып келгенде дал ошондой окуяны жана жолдун акыбалын өз көзүм менен көрүп келдим.


"Алайкууда жашоо азаптуу сыймык" - деп Кыргыз эл акыны, алайкуулук Кожогелди Култегин агайыбыз даана айткан экен. "Бала ыйлабаса эмчек кайда" демекчи жолду тейлеген жетекчилер жана жолдо иштеген агаларыбыз сөзсүз алайкуулуктар ызы-чуу болуп, акимге чыгып же Жол тейлөө башкармалыгына чалып айтканда гана кыймылдай турган болуп жаман үйрөнүп бүткөнүн кечээ өз көзүм менен көрүп, жон терим менен сезип келдим. Жолду тазалоо ошолордун жумушу болгон соң айттырбай, дедирбей эле өздөрү эле тазалап, сүрүп, көзөмөл кылып турса болбойбу?


Кар кете баштагандан бери алайкуулуктар жолду бир сыйра тазалап койсо жакшы болот эле деп суранып жатышкан эле. Күн ачылып, жамгыр токтосо өздөрү эле баштаса керек деп чыгарбай, айтпай эле келген элек. Кечээ барып жолдун акыбалын көрүп, унаа менен эмес, жөө эле кеткин келет экен. Байкуш алайкуулуктар ары карап ыйлап, бери карап жылмайып арга жок каттап жатышат. Жамгыр токтошун күтүп олтурбай эле ар ким өзүнө бөлүнгөн аймакты бир сыйра тазалап койсо сонун эле болчудай экен. Грейдер салып койсо андан дагы мыкты болмок. Бир дагы таш тазаланбай эле балжырап жатат, орустар Алайкуу үчүн чыгарып берген жаныбар УАЗдар анча-мынча таш же көлчүктү карабай эле уруп кете берет экен.

Кокустан жеңил унаа менен барып алгандар болсо шору катып, барар баргыча кол менен таш терип, ар бир ташты айланып өтүп жатып даана жинди болгудай. Биз бара жатканда дал ошондой болуп бардык эле, кечээ кайтканда жолго таш түшүп акимге чыгып ызы-чуу болгон мезгилде анан кара таштан ары карап бир погрузчик жолду тазалап кетип бара жатат. Ал кайсы жерге чейин тазалайт белгисиз. Суу ичи аймагы айласыз, таштар дагы жөнөкөй таштар эмес баллонду кесе турган учтуу таштар. Запас баллону жок жана домкраты жок барып алгандар жалдыраган бойдон жолдо калып жатышат.


Жолдо иштегендер "Түртмө түндүк, үймө күл" же "Түрктү түртмөйүнчө билбейт, Славянды саймайынча түшүнбөйт" болуп эле жата беришет экен. Жамгыр, кар жааганда күндө бир ирет ошол өздөрүнө бөлүнгөн аймакты трактор менен кыдырып, түшкөн ташты тазалап, кыян түшкөн жерди сүрүп турса болбойбу? Көптөн бери тазалап сүрбөй койгону көрүнүп турат. Көлчүк жөнүндө сөз жок, көпчүлүк жолдор жол эмес эле шифер болуп калыптыр. Кар менен жамгыр басылса шагыл төгүп грейдер салып тегиздеп берет деп ишенип туралы.
2019-жылы күздө мурдакы аким Пирим Дыйканов өз оозу менен айтты эле "Маркс айылы менен Чалма айылынын ортосундагы аймакты асфальт төшөп туташтырабыз, бюджетке кирди ишти аягына чыгарабыз" деп эки жыл болду бир аз жерине басып калган жери ошол эле бойдон таш болуп такылдап жатат. Ошентип оңолбос жол, оңоло албай эле балжырап жатат.


Алайкуу жолун өз күчүбүз менен асфальт төшөп алалы деп жигиттер демилге көтөрүп акча топтоп көрөлү дедик эле. Бирок биз топтогон акча жолдун проектисине же долбооруна дагы жетпей калат деп көпчүлүк айткан үчүн ал иш токтоп калды. Алайкуу жолу асфальт болуш үчүн эки гана жолу бар окшойт, биринчи жолу Алайкуудагы алтын жез кендерин ачып иштетүү же Алайкуудан президент чыкканда гана асфальт төшөлбөсө калган жолу жок окшойт.


Кыргыз өлкөсүндө Кытайга түштүк тараптан жол салуу идеясы өкмөттө айтылганда Алайкуу аркылуу салуу сунушу түшөт, бирок кыргыздын канына сиңген трайбалисттик сапаты дагы бул жерде чоң роль ойноп, Алайкуу аркылуу эки эсе жакын жол турса ал тарапка салышпай алайлык туугандар бийликте отурганы көпчүлүк болуп башкы жолду Алай аркылуу салып кетишкен экен. Болбосо Өзгөндөн Ош аркылуу айланып Гүлчөгө жеткиче Алайкуунун башына жетмек, Гүлчөдөн Эркеч-Тамга жеткиче Алайкуудан Кашкарга жетип калмак. Жакын жол турса ал тарапка салгандан кызганып эки эсе узак жолго салып канча элди чыгым кылышкан жана келечекте дагы чыгым боло беришет өмүр бою.


Кечээ Капчыгай айыл аймагы деген жазуунун жанында килейген чоң таштар түшүп, жол үч сааттан ашык жабылган мезгилде Сары бээ айылынан бир погрузчик жиберип, унаа өтө турган кылып кичине ачып, районго бара жаткан унаалар менен Алайкууга бара жаткан унааларды өткөрүп жолду ачышты.


Кечээ барып келгендеги жолдун ал акыбалын көрүп туруп райондук жол тейлөө мекемесинин жетекчисин токтоосуз алмаштырыш керек. Райондо эле жылуу кабинетте отура бербей кол алдында иштегендерди жамгыр, кар жааганда телефон менен эле буйрук берип иш жасап койсо эмнеге болбойт дейм да?!

Жол тейлөө мекемесинин башчысын Алайкуу өрөөнүнөн жетекчи коюш керек окшойт, ошондо кыймылдап иштейт беле деген ой. Жол качантан бери тазаланбай жатканын бардык алайкуулук айдоочулар тастыктап бере алышат! Алайкуулук туугандар жолго көнүп калышкан, ыйлап-сыктап каттай беришет, бирок Алайкууда жамандык, жакшылык болгондо коноктор же тааныштар барып калганда жолдо өтө кыйналып жатышканын район башчылары жана тийиштүү мекеме башчылары билип коюшса деген ойду айткым келди. Өкмөт эсебинен эмгек акы алып, ошол жумушту аткаруу үчүн кызмат ээлеп отурган соң элге жардам бергилечи бай болгурлар, алайкуулук туугандар айтмакчы "оо садага кетейин кубаттар" элге жакын болуп иштегиле!

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
bond02
2021-03-30 18:03:53
Оо Алайкуулуктар ото кыйын калк келесинер созго чечен тилинен чан чыккан, бешененерге ошондой тагдыр жазылса эмне кыл дейсинер анан.
+6
Asmat84
2021-03-30 18:09:24
Баракелде абдан түшүнүктүү кылып жеткириптир чындыгында Алайкуу аркылуу Кытайга жол ачылса абдан жакын болуп калмак
+2
bond0202
2021-03-30 18:18:56
Туулган жердин топурагы алтын болуп ошол жашоого оздору ыраазы алакулуктар.
-4
Samash-87
2021-03-30 18:23:11
Убагында Соке озу туулган жерине жол салып бере албаптырда.
+2
aliya-leyla
2021-03-31 15:10:09
Samash-87,Соке Алайкуда туулган эмес, экинчиден Кара-Кулжага эле кылып атат деп да чыкмаксынар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан