
1-апрелден баштап республикалык кино кербен башталат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашат.
Кыргыз киносунун жана режиссёр Болот Шамшиевдин 80 жылдыгына карата Кинематография департаментинин иш-чаралар планынын негизинде бардык облустардын борборлорунда жана Бишкек шаарындагы Чыңгыз Айтматов атындагы кино үйүндө кино кербен өз ишин баштайт.
"Иш-чара кыргыз режиссёрлорунун тасмаларын көрсөтүү менен башталат. Ошону менен бирге коммерциялык тасмалар көрсөтүлгөн учурда тасманын алдында Кыргыз киносуна жана Болот Шамшиевге арналган видеороликтер көрсөтүлүп турат.
Кино кербен облустарда, андан кийин шаарларда, райондордо жана айылдарда азыркы кырдаалды эске алуу менен өтүп, чыгармачыл жолугушуулар уюштурулат. Кино кербен ноябрь айында Бишкек шаарында жыйынтыкталат", - дешти мекемеден.