Мирлан Бакиров Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган фонддун басма сөз кызматынан тастыкташты.
Бакиров фонддун жалпы жамааты менен тааныштырылды. Учурда ал иш ордунда отурат.
Мирлан Бакиров 1975-жылдын 11-майында Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Кызыл-Үңкүр айылында туулган.
Ал Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин бухгалтердик эсеп адистиги боюнча аяктаган.
Эмгек жолун 1996-жылы Мамлекеттик салык инспекциясынын Жалал-Абад облусу боюнча акциз бөлүмүндө инспектор болуп иштөөдөн баштаган.
1998-1999-жылдары "Жалал-Абад АА" корпорациясынын башкы бухгалтери;
1999-2003-жылдары Жалал-Абад облфинбашкармалыгынын бюджет бөлүмүнүн башчысы;
2003-2005-жылдары "Марьям и Ко" ЖЧКсынын директорунун орун басары;
2005-2010-жылдары "Дан-Юг" ЖЧКсынын директору;
2010-2015-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты;
2015-жылы "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган;
2017-жылы 13-декабрда Жогорку Кеӊештин төрагасынын орун басары болуп шайланган;
2020-жылы вице-спикерликти өз ыктыяры менен тапшырып берген.