Бүгүн футбол боюнча 2014-жылы Бразилияда өтүүчү Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюндары аяктайт

Бүгүн, 15-октябрь күнү Европада 2014-жылы футбол боюнча Бразилияда өтүүчү Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюндары жыйынтыкталат. ФИФА тарабынан Дүйнө чемпиондугуна Европа континентине 13 жолдомо берилип, ал үчүн 53 команда 9 тайпага бөлүнүп ат салышууда. 9 тайпанын жеңүүчүлөрү Дүйнө биринчилигине түз барууга укук алат. Ал эми 8 тайпадан 2-орунду ээлеген командалар чүчү кулактын негизинде бирден кошумча беттеш өткөрүп, анда Бразилияга баруучу дагы 4 команда аныкталат. Ал эми 9-тайпадан эреже боюнча бир гана жеңүүчү команда чыгат. Башка континенттерден болсо, Түштүк Америкадан 4 мыкты команда түз Дүйнө чемпиондугуна барууга укук алса, 5-орунду ээлеген команда Азия континентинин бир командасы менен кошумча беттеш өткөрөт. Африка континентине 5 жолдомо берилген. Азияга болсо 4 жолдомо жана 1 командага Түштүк Американын 5-орунду ээлеген командасы менен беттешүүгө укук берилген. Азиядан Иордания аталган мүмкүнчүлүккө ээ болду. Түндүк Америкага 3 жолдомо жана 1 командага ОФКнын (Океания футбол конфедерациясы) өкүлү менен беттеш өткөрүп, жеңүүчү дагы бир жолдомого ээ болот. Ошондо жалпы Европадан 13, Африкадан 5, Азиядан 4, Түндүк Америкадан 3, Түштүк Америкадан 4 жана дагы 3 команда кошумча беттештерден соң аныкталат. Финалдык бөлүккө мелдеш кожоюну Бразилияны кошкондо 32 команда катышат. Ал эми учурда жолдомо алган командалар төмөндө:

1.Бразилия

2.Япония

3.Австралия

4.Иран

5.Корей Республикасы

6.Нидерланды

7.Италия

8.АКШ

9.Коста-Рика

10.Аргентина

11.Бельгия

12.Швейцария

13.Германия

14.Колумбия  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
kuba0506
2013-10-15 13:08:54
Кыргызстан буюрса дагы 50 жылдан кийин кошулатго.
0
777bek
2013-10-15 16:59:46
Митин чыгуу боюнча дуйнолук беттеш болгондо ..... аттин бири кем дуйно.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан