Тоңдо зордуктоого шектелген 18 жаштагы жаран убактылуу кармоочу жайда асынып алды

Ысык-Көл облусунун Тоң районунда зордуктоого шектелген жаран убактылуу кармоочу жайда асынып алды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шектүү 29-март күнү болжол менен саат 10:00 чамасында асынган. Ал 18 жашта болгон.

"Кызматкерлер асынган шектүүнүн моюнундагы жибин кесип, "Тез жардам" кызматын чакырышкан. Дарыгерлер келип, анын каза болгонун аныкташкан. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Ички иштер министрлигинин ички иликтөө кызматы тарабынан кызматтык териштирүү башталган.

2002-жылы туулган айыпкер зордуктоо фактысы менен шектүү катары кармалган. Ал январь айында Бөкөнбаев айылында 1989-жылы туулган аялды зордуктоого шектелип жаткан. Анын баш коргоо чарасы каралып, 2 айга камакка алынган. Иш сотко өтүп, 25-мартта сот башталган. Анда шектүү сотко барган. Кийинки отурум 15-апрелге жылдырылгандан улам шектүү Тоң РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

18 жаштагы жаран убактылуу кармоочу жайда асынып алды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Jibakana
2021-03-31 09:55:05
МММ дааа.....негизи убактылуу кармочу жайбы РВД бы Ошо жактагыларга учтуу нерсе жип берууго болбойт беле?или Бут кийимдин шнурун алып койчу беле?же андай эмеспи?
+1
Jacob.
2021-03-31 10:17:48
Кыргызстандын тергоочулору (баары эмес) копчулугу жакшы териштирип изилдеп чыгышпайт, керек болсо 5-6 жашар баланын коргозмосуно ишенип чечим чыгарып салгандары бар..

Бул жерде дагы куру дооматбы балким, ким билет.. Ишти жабыш учун милициялар эмнелерге гана барышпайт...
+4
JaneEr
2021-03-31 15:39:52
Ак жеринен олгон болсо...
+1
Erlan_95
2021-03-31 16:01:13
Ал жакка жип, кур, боо кирбеши кк эле да
+1
NurikAKSUU89
2021-03-31 22:41:26
Өзүлөрү түрткү берди да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан