"Чыгымды төлөбөй жүргөн". Ысык-Көлдө мас абалда айылдашын сүзүп кеткен айдоочу 60 саат коомдук жумушка тартылмай болду

Ысык-Көл облусундагы айылдардын биринде мас абалда унаа башкарып бара жаткан жаран айылдаш кызын сүзүп кеткен. Натыйжада, ал каза болуп калган. Бул иш сотто каралып, айыпталуучуга карата моралдык жана материалдык чыгым төлөп берүү милдеттендирилген. Айыпталуучу пандемия башталгандан тарта каза болгон кыздын үй-бүлөсүнө бир сом бере албай калганы үчүн кыздын жакындары кайрадан сотко кайрылышкан. Өкүм Жогорку Соттун расмий сайтына жарыяланды.

Окуянын чоо-жайы:

Окуя 2019-жылдын 25-январында болгон. Райондук соттун чечимине ылайык, айыпталуучу каза болуп калган жарандын үй-бүлөсүнө кызынын өлгөндүгүнө байланыштуу зыяндын ордун толтуруу үчүн 340 миң 884 сом жана моралдык зыян 50 миң сом, материалдык чыгым 14 миң сом төлөөгө милдеттендирилген. Андан 2 жыл убакыт өтсө дагы, айыпталуучу жогорудагы каражатты төлөбөй келген. Буга байланыштуу маркумдун жакындары кайрадан сотко кайрылышкан.

Айыпталуучу - Ысык-Көл облусунун айылдарынын биринде туулган, улуту кыргыз, билими орто, үй-бүлөлүү, эч жерде иштебейт, мурда сот жообуна тартылган эмес.

Соттук отурумда айыпкер күнөөсүн толугу менен моюнуна алган

"Мен келтирилген зыянды мурда төлөп келгем, бирок кийин жумушумдун жоктугунан улам төлөй албай калдым. Кылган ишиме чын дилимен өкүнүп, кечирим сурайм. Жеңил өлчөмдө жаза чектеп берүүнү суранам", - деп билдирген ал өз көрсөтмөсүндө.

Сот отурумунда жабырлануучу айыпкерге карата мыйзам чегинде жаза чектеп берүүнү суранат

"Каза болгон менин эжем, ал окуя болгон күнү жол кырсыгынан каза болгон. Ошол күнү айыпкер кызуу абалда эжемди унаасы менен сүзүп кетип, ал каза болуп калган. Соттун чечиминин негизинде, ал эжемдин каза болгонуна байланыштуу зыяндын ордун толтуруу үчүн 340 миң 884 сом, моралдык зыян 50 миң сом жана материалдык чыгым 14 миң сом өндүрүлгөн. Бирок ал соттун өкүмү боюнча, ар ай сайын 4 миң 700 сом төлөп келе жатып, пандемия башталганда төлөбөй калды. Мындан сырткары эч кандай каражат төлөгөн жок", - деп билдирген ал.

Өкүм:

"Сот бардык тараптын көрсөтмөлөрүн угуп, иштин материалдарын изилдеп чыгып, төмөндөгү жыйынтыкка келет. Сот айыпталуучунун күнөөсүн моюнуна толугу менен алып, чын дилинен кечирим сураганын, карамагында жашы жете элек балдары бар экенин эске алат. Бул боюнча 60 саат коомдук жумуштарга тартылсын. Келип кол коюп туруу милдеттенмеси менен бошотулсун" - деп жазылат чечимде.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан