Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу жолунда таш кулады. Маалыматты Транспорт жана жолдор министрлигинин басма сөз кызматынан тастыкташты.
Маалыматка ылайык, окуя бүгүн, 31-мартка караган түнү саат 02:00дө жолдун 45-чакырымынан 50-чакырымына чейинки бөлүгүндө болгон.
"Эң чоң көлөмдөгү 120 метр куб таш 50-чакырымга түшкөн. Унаалардын кыймылына убактылуу чектөө коюлган. Окуя болгон жерде министрликтин бригадасы иштеп, жолдун бир өтмөгүн эки сааттын ичинде ачышкан. Учурда тазалоо иштери улантылууда", - деп билдиришти аталган мекемеден.