Жалал-Абадда Салык кызматкерлери жеке ишкердин соода түйүнүн мыйзамсыз текшерүүгө алышканы аныкталды

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда ишкердин укугун бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 18-февралда Мамлекеттик салык кызматынын Аксы районунун жооптуу кызматкерлери өздөрүнүн кызмат абалдарынан кыянаттык менен пайдаланышкан.

"Алар прокуратурадан эч кандай текшерүүгө уруксат берүүчү документ албастан Г.Б. аттуу жеке ишкердин соода түйүнүн мыйзамсыз текшерүүгө алышып, анын укуктарын одоно түрдө бузуп, товарларын мыйзамсыз алып кетишкен", - деп жазылат билдирүүдө.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
kamal777
2021-03-31 18:58:02
Алдым жуттумдар иштеп калган турбайбы. Айрыкча окмот кызматкерлери.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан