Ошто жарандардын телефонун жана акчаларын баштыктарынан уурдап жүргөн кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Сулайман тоо милиция бөлүмүнүн криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери карапайым калктын чөнтөгүнө коомдук транспортто, базарларда кол салып, алардын телефондорун жана акчаларын уурдап жүргөн 2 чөнтөкчүнү кармады.
Алардын үстүнөн жыл башынан бери бир нече арыз түшүп, милиция кызматкерлери издеп жатышкан. Шектүүлөрдүн бири Ош облусунун Кара-Кулжа районунда туулган, мурда 3 жолу соттолгон. Алдын ала алынган маалыматтарга караганда, уурдалган телефондорду Өзбекстан Республикасындагы кылмыштуу тааныштары аркылуу сатып, өткөрүп турган.
Экинчи шектүү мурда 8 жолу соттолгон, үстүнөн тогуз арыз түшкөн. Ал уурдалган телефондорду арзан баада каалоочуларга сатып жиберген. Кармалгандардын экөө теӊ негизинен аялдардын баштыктарын, чөнтөктөрүнөн кол телефондору менен акчаларын уурдап жүрүшкөн. Учурда бул кармалган жарандардын башка дагы ушул сыяктуу уурулук фактыларына тиешеси бар же жоктугу иликтенип жатат.
Ош шаардык соту тарабынан алардын баш коргоо чарасы каралып, 1 айга камакка киргизилди.