"Мен азыр бул наамга татыктуу эмесмин". Аксы эли Камчыбек Ташиевге Кыргыз эл баатыры наамын берүү боюнча кол топтоп жатканы айтылды

Бүгүн, 31-мартта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абад облусунун Ала-Бука райондук административдик имаратында Ала-Бука жана Аксы райондорунун жергиликтүү тургундары менен жолугушуу өткөрүп жатат.

Анда Аксы районунун эли Камчыбек Ташиевге Кыргыз Республикасынын баатыры деген наам берүү боюнча кол топтоп жатканын айтышты.

"Мен азыр бул наамга татыктуу эмесмин. Азыр дагы көп иштешим керек", - деди Камчыбек Ташиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
Kuban-1207
2021-03-31 15:54:43
Кошоматчы кокуй эле элбиз да
+25
Jacob.
2021-03-31 16:01:43
Бир ар жыл иштесин жок дегенде, не мынча шашасынар...
+7
Tyty1990
2021-03-31 16:06:36
Чубак ажы раматылык айткандай кыргыздар мактаса мактап асманга чыгарабыз, жамандасак жердин жети кабат түбүнө киргизип жиберебиз. Баатыр наамын берүү эртерээк
+18
AdylbekB84
2021-03-31 16:23:32
Ашыкпай тургула Кыргызстан бутуна туруп алсын андан соң баатырлык жөнүндө сөз кылса болот! Генералдык чини али кургай элек!
+6
aiba.20201234567
2021-03-31 16:27:22
Кошоматанбай тургула али эрте ...
+16
futboler
2021-03-31 16:28:19
Пахта коюу боюнча кошуналардан ашып өтө турган болдук го)))
+23
nazira...
2021-03-31 20:10:17
futboler,айтпа уят эле, тооба. Аксы эли да кызык экен.
+15
bond02
2021-03-31 16:32:48
Дагы эмненерди бересинер?
+21
BEKAjan
2021-03-31 17:04:37
Эн эле татыктуу! Ушу убакка чейин кайсы генерал чечип берди граница маселесин?!Баары барып өзбек м-н тажиктикин ###### келди!
-20
Shabi
2021-03-31 17:36:33
Ушинтип жатып, Кыргыз Эл Баатыры деген наамдын баркын кетирип салмай болдук го.
+18
zam81
2021-03-31 18:27:52
Чегераны 100%чечсин анан баатыр дейбиз
0
BarsBaatyr
2021-03-31 18:31:47
Кошомат жагынан алдыга эч кимди чыгарбайт экенсиңер да.
+17
Alinur96kg
2021-03-31 18:44:53
Эми, убагы келгенде берээрбиз наамды.Ага чейин эле ###### жибербей койо турсанар кантет?
+17
KaGaH
2021-04-01 03:01:36
Кошоматчылыктын да чеги болот
+16
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан