29-30-март күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосунда грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасында Кыргыз Республикасынын чемпиондугу өттү.
Республикалык чемпиондукка өлкөнүн бардык облустарынан жана Ош, Бишкек шаарларынан келген 200дөн ашуун спортчу катышты.
Жеңүүчүлөр жана байгелүү орундун ээлери диплом, медалдар менен сыйланышты.
Белгилей кетсек, чемпиондук Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы жана Кыргыз Республикасынын күрөш федерациясы тарабынан уюштурулду.